Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

УКМК Ноокат райондук сотунун судьясына иш козголгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясына (А.Г.А.) кылмыш иши козголгонун билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу” беренелери менен айып тагылууда.

УКМКнын маалыматына ылайык, Ноокат райондук ички иштер бөлүмү 707 гр куурайдын чайырын (гашиш) сатуу учурунда Н.И. аттуу адамды кармаган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда дагы 2 кг гашиш табылган.

Атайын кызмат судья А.Г.А. өкүм чыгарууда Кылмыш-жаза кодексинин “Сатуу максатында баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо” беренесин “Сатуу максаты жок баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо” беренесине алмаштырганын билдирди.

“Кылмыш ишинде жетиштүү далилдерге карабастан, судья атайылап сот актысын чыгарган жана соттолуучуга карата баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү менен пробациялык көзөмөл колдонгон. Ошол эле учурда айыпталуучу Н.И. качуу үчүн ыңгайлуу шарттардан пайдаланып, мамлекеттик чек араны кесип өтүп, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

13-июнда Судьялар кеңеши судья А.Г.Аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берген. 21-июнда ага айыбы угузулуп, оорусуна байланыштуу үй камагына алуу бөгөт чарасы тандалган.

УКМК өкмөттүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы №543 токтому боюнча 90 граммдан ашкан гашиш өзгөчө ири өлчөмдө деп эсептелинерин эскертти. Расмий маалыматка караганда, 2023-2024-жылдары сегиз судья кылмыш жоопкерчилигине тартылган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG