Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Иранда Израилдин пайдасына “тыңчылык кылган” делген үч адам дарга асылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Reuters агенттиги Иранда Израилдин пайдасына “тыңчылык кылды” деген негиз менен үч киши дарга асылганын жазды.

Бийликтин версиясы боюнча, өлүм жазасына тартылгандар “Моссад” менен кызматташып, Израилдин чалгын кызматтары Иранда жогорку даражалуу аткаминерлерди өлтүрүү үчүн колдонгон жабдууларды аткезчилик менен ташууга көмөктөшкөн деп айыпталган.

Би-Би-Си ушундай эле негиз менен бир нече күн мурун дагы эки адам өлүм жазасына тартылганын билдирди. Иран-Израиль жаңжалы башталгандан бери акыркы эки жумада Израил менен байланышы бар деген шек менен 700дөн ашуун адам камакка алынган.

Эки өлкө ортосундагы куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн билдирип сокку урганда тутанган. Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил каршы ракеталарын ата баштаган. Тараптар 24-июнда ок атууну токтотууну макулдашкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Иранда 2024-жылы 901 киши дарга асылганын айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG