Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Мамыркулованын сотуна эксперт келбей, отурум дагы жылды


Канышай Мамыркулова Октябрь райондук сотунда. 17.06.2025
Канышай Мамыркулова Октябрь райондук сотунда. 17.06.2025

26-июнда тергөө абагындагы эркин журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча Бишкектин Октябрь райондук сотундагы отурумга сурак бере турган эксперт бул жолу да келген жок. Прокурор ал 11-июлга чейин эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин, ушундан улам соттук отурумга катыша албай турганын айтты.

Канышай Мамыркулованын адвокаттары эксперттин сотко катышуусун камсыздоо айыптоо тараптын милдети экенин билдирип, журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүп, эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн киргизди. Судья аны четке кагып, кийинки отурумду 30-июнга дайындады. Анда айыпталуучу сурала баштайт.

17-июнда да эксперт келбей калгандыктан сот 26-июнга жылдырылган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнөн улам Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып коюлган. Ал март айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Өлкөдөгү бир катар укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитететинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдоп, журналистти кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (BTo/Tab)

Шерине

XS
SM
MD
LG