Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

"Гумжардамга баргандарга ок атылды". Израил Газадагы операцияны улантууда


Газа шаары, 16-июнь, 2025-жыл
Газа шаары, 16-июнь, 2025-жыл

12 күндүк согуштан кийин Израил менен Иран ок атышпоо жөнүндө макулдашкан cоң ЦАХАЛ Газага кайрадан көбүрөөк көңүл бурарын билдирди. Шейшембиде анклавда гуманитардык жардам алууга барган карапайым кишилерге аскерлер ок атып, 30дан көп киши набыт болгону маалымдалган.  

25-июнда тилкеде изралдик жети жоокер окко учту. Ал эми барымтадагылардын жакындары Газадагы согушту тезирээк токтотууну талап кылышууда.

Израилдин Ашкелон шаарында Газада каза тапкан сержант Шахар Маноавды акыркы сапарга узатышты. Израилдин армиясы – ЦАХАЛ билдиргендей, 25-июнда жети аскер алардын машинасына коюлган бомба жарылганда мүрт кеткен.

АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун аскердик канаты Хан Юнистеги кол салууну ишке ашырганын моюнга алды. Алардын маалыматына караганда, согушкерлер израилдик аскерлерге жардамга келген дагы бир машинаны танктарга каршы дүрмөт менен аткылашкан.

Акыркы жолу ЦАХАЛ бир күндө ушунча көп аскерин былтыр январда жоготкон. Анда 24 жоокер окко учкан, 20сы бир эле жарылуудан каза тапкан.

Ал арада Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси Израил Иран менен согушкан 12 күндүн ичинде тилкеде 800дөн көп палестиналыктын өмүрү кыйылганын, шаршембиде эле кеминде 30 киши, арасында бир журналист набыт болгонун билдирди.

Ал эми анын алдыңкы күнү 30дан ашуун газалык гуманитардык жардам алууга барган жеринен каза тапкан. Палестиналык күбөлөр жана анклавдын саламаттыкты сактоо мекемесинин кызматкерлери айтып бергендей, израилдик аскерлер топтолуп турган палестиндерге бир нече жолу ок ачкан.

"Биз оккупациялык күчтөргө ишенип, азык-түлүк баштыктарын алганы барганбыз. Мен танктын жанынан өтүп барып, таңгакты алдым. Бир убакытта бизди аткылай башташты. Буктурмада калган жаш жигиттер биринин аркасынан бири жерге кулады. Кээ бирлеринин башына, башкаларынын бутуна атышты", - деп айтып берди Рейтер агенттигине жарадар болгон газалык Мухаммад Абу Нада.

Газа: Израилдин соккусу 30дан көп өмүрдү алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

Гуманитардык уюмдар элге жардам тараткан Газанын гуманитардык фонду (GHF) деп аталган америкалык бейөкмөт уюмду элди кармаштар жүрүп жаткан чөлкөмдөргө кирүүгө аргасыз кылып, алардын өмүрлөрүн тобокелдиккке кептеп жатканы үчүн сындашууда. Фонд эл аралык кайрымдуулук топтору менен координациясыз аракеттенгени үчүн буга чейин БУУнун сынына кабылган.

ЦАХАЛ жоокерлери аларга жакындаган шектүү адамдарды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканын билдирди. Бирок укук коргоочулар эч кандай жүйөсү жок эле же эскертүүсүз ок атуу учурлары катталганын айтышууда.

Израил мартта согушкерлер менен ок атышуу режимин токтотуп, гуманитардык жардамды бөгөттөгөндө тилке ири кризиске учурап, ачарчылык коркунучу пайда болгон.
Газадагы согуш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган. Израилдин жооп иретинде баштаган согушу 56 миңден ашуун кишинин өмүрүн алганын анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Эки миллиондон ашуун калк жашаган Газанын тургундары кармаштардан качып, улам-улам жер которууга аргасыз болууда.

Ушу тапта жоочулардын барымтасында 50 чакты киши кала берүүдө, болжол менен алардын жарымынан көбү каза тапкан.

Бейшембиде барымтада кармалып жаткан израилдиктердин жакындары Тел-Авивде нааразылык акциясына чыгышты. Алар АКШнын президенти Дональд Трампты премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнө кысым жасап, согушту токтоттурууга үндөштү.

Алар Израил менен Ирандын куралдуу жаңжалынан улам токтоп калган сүйлөшүүлөр жанданат деп үмүттөнүшөт.

Барымтада каза тапкан Тал Чайминин тууганы Уди Горен Газадагы согушка чекит коюуга убакыт келди деген оюн АР агенттигинин кабарчысына айтты:

"Аскердик жактан алганда Израил күчтүү экенин далилдедик. Бирок Газадагы согушту улантуу менен аскерлерибиз арасындагы жоготууларга , алардын азап чегүүлөрүнө кайдыгер карап жаткандайбыз. Уруш менен барымтадагыларды кайтара албайбыз, Израилдин узак мөөнөттүү коопсуздугун камсыздай албайбыз".

ХАМАС Газадагы согуш токтосо, барымтадагыларды бошотууга даярдыгын айтууда. Ал эми Нетаньяху Иран колдогон радикал топ куралын таштап Газадан чыгып кеткенде гана аскерлерди алып кетерин кайталап келатат.

Өткөн шейшембиде ЦАХАЛдын расмий өкүлү Эйал Замир куралдуу күчтөр кайрадан Газага көбүрөөк көңүл бура баштаганын, барымтадагыларды бошотуу жана ХАМАСтын башкаруусуна чекит коюуга аракеттенерин айтты.

Ал ортодо Араб Лигасы Иран менен Израил ортосундагы ок атышууну токтотуу макулдашуусун кубаттап, жарашуу Газадагы урушка чекит коюуга өбөлгө түзөт деген үмүтүн билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG