Аялга кол көтөргөн делген милиция кызматкери үй камагына чыкты

Шектүү.

Бишкекте аялга зомбулук көрсөтүп, кол көтөргө деген айып менен кармалган Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын багыттагы полкунун кызматкери үй камагына коё берилди.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июнда чыгарган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөсүчү шектүүнү камакка алуу өтүнүчүн берген, судья аны четке кагып, милиция кызматкерин 25-августка чейин үй камагына алган.

25-июнда социалдык тармактарда эркек киши бир аялды чаап жиберген видео тараган. УКМКнын маалыматына ылайык, жабыркаган аял бул факты боюнча арыз менен кайрылып (Н.к.Н.), окуя 17-майда ГЭС-5 аймагында болгонун айткан. Анда ИИМдин кызматкери мас болуп аны бетке чаап жибергенин билдирген.

Бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, милиция кызматкерине 2024-жылдын июнь айында медициналык кызматкерди сабоо фактысы боюнча да кылмыш иши козголгону аныкталган. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Баткенде “Максат” чек ара тозотунун кызматкерин кармадыБишкектин негизги аянттарында митингдерге тыюу салынганына үч жылдан аштыФутбол: Лисицын улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кеттиHRW президент Жапаровду ЖМК мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырдыАКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейси Москвадагы миссиясын аяктадыКыргыз-Орус Славян университетине жаңы ректор шайланды. Камкорчулар кеңешин Ташиев жетектейтОрусиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келетНурбек Сатаров президенттин Нарындагы өкүлү болуп дайындалды