Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Футбол: Лисицын улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти


Максим Лисицын.
Максим Лисицын.

Орусиялык адис Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынын кетти. Анын 2024-жылы Кыргыз футбол биримдиги менен түзгөн бир жылдык келишими ушул жылдын июнь айында аяктады. Башкы машыктыруучу менен кошо анын машыктыруучулук штабы да ишин токтотту.

Максим Лисицын бул кызматта бир жыл иштеп, улуттук кураманы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда жетектеди. Анда Кыргызстан А тайпасында алты кураманын ичинен сегиз упай менен бешинчи орунду алды жана кийинки баскычка өтө алган жок.

2022-жылы Максим Лисицындын жетекчилиги менен Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, Кыргызстандын Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) апрель айындагы рейтингинде төрт позицияга көтөрүлүп, 1205 упай менен 210 кураманын ичинен 103-орунду алган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG