Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Кыргыз-Орус Славян университетине жаңы ректор шайланды. Камкорчулар кеңешин Ташиев жетектейт


 Кыргыз-Орус Славян университетинин башкы имараты
Кыргыз-Орус Славян университетинин башкы имараты

Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору болуп Сергей Волков шайланды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 35 жаштагы Волков 2024-жылдын октябрынан бери Славян университетинин ректорунун милдетин аткарып жаткан. Ага чейин Орусиядагы Магнитогорск техникалык университетинин проректору болуп иштеген.

Ошондой эле бул окуу жайда Камкорчулар кеңеши түзүлүп, анын төрагалыгына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бекитилгени белгилүү болду. Анын орун басарлыгына Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков тандалган.

Орусия менен биргелишип түзүлгөн окуу жайга Бишкектен 30 гектар жер бөлүнүп, ага кампус салынары кабарланды. Аталган жер тилкеси “Ала-Арча” резиденциясынын жанында жайгашкан.

Кыргыз-Орус Славян университети 1993-жылы түзүлгөн. Ага кийин Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин аты берилген. Алгач сапатуу билим берери айтылып келген окуу жайга байланыштуу соңку жылдарда бир топ жаңжалдар болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG