Бишкектин негизги аянттарында митингдерге тыюу салынганына үч жылдан ашты

Бишкектеги сөз эркиндигине байланыштуу өткөн митинг. (Архивдик сүрөт)

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узартылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирип, мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарганын кошумчалады. Ага ылайык, 1-июлдан 30-сентябрга чейин шаардын борбордук аянттарында мамлекеттик иш-чараларды кошпогондо тынчтык жыйындарын өткөрүүгө болбойт.

Биринчи май райондук соту 2022-жылы март айында эле Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган.

Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйын өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатат.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алына турчу айланма жолдун ачылышында сүйлөп жатып Кыргызстанда туруктуулук орноп, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адамдардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын кайталап келишет. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Баткенде “Максат” чек ара тозотунун кызматкерин кармадыФутбол: Лисицын улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кеттиHRW президент Жапаровду ЖМК мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырдыАКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейси Москвадагы миссиясын аяктадыКыргыз-Орус Славян университетине жаңы ректор шайланды. Камкорчулар кеңешин Ташиев жетектейтТрамп Кытай менен соода келишимине кол коюлганын жарыялады Орусиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келетНурбек Сатаров президенттин Нарындагы өкүлү болуп дайындалдыКыргызстандын 11 жараны Израилден эвакуация болду Президент бюджеттен бөлүнгөн акчага жасалып жаткан иштерди комиссия текшерерин айтты