Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Трамп Иран-Израил жаңжалында ок атуу токтотуларын жарыялады


АКШ президенти Дональд Трамп Иран-Израил жаңжалында ок атуу толук токтоп, эки тарап тынчтыкка келишкенин жазды.

Бул тууралуу ал Truth Social платформасына жазды. Трамп “12 күндүк согушту” токтотчу келишим этап-этап менен күчүнө кирерин билдирди. АКШ президентинин жазганына караганда, ок атууну токтотуу режими жакынкы “алты саат ичинде” башталып, ал алгач 12 саатка созулат жана андан соң “согуш аякташы керек”.

Трамп постунда ок атууну токтотуунун жагдайларын ачыктаган эмес.

“Баарыңарды куттуктайм”, - деп жазды АКШ президенти.

"Расмий түрдө Иран ок атууну токтотот, анын 12-саатында Израил ок атууну токтотууну баштайт. Ал эми 24-саатында бүткүл дүйнө 12 күндүк согуштун расмий аяктаганын кубаттайт”, - деп кошумчалады Трамп.

Бирок Иран жана Израилдин бийликтери бул тууралуу комментарий бере элек.

Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, сокку урганда тутанган.

Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

АКШ 22-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк объектилерине абадан сокку урган. Президент Дональд Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” билдирген. Иран Пентагондун чабуулу үчүн өч алаарын жарыялаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG