Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Иранда Хаменеинин мураскерин тандоо иши тездетилеби?


Аятолла Али Хаменеи
Аятолла Али Хаменеи

Иранда жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин ордун баса турган кишини тандоо комитети (Эксперттер ассамблеясы) акыркы күндөрдө өз ишин ыкчамдатты. Бул тууралуу бир нече булакка таянып Рейтер агенттиги жазды. Талапкерлер арасында Хаменеинин уулу Можтаб да бар.

Ал эми New York Times гезити Ирандын расмий өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен ушу тапта бункерде жашырынып жүргөн аятолла ыктымал мураскерликке үч кишини атаганын жазды. Бир нече күн мурда Иранга сокку ура баштаган Израил Ислам жумуриятынын жогорку руханий лидерин жок кылууга чейин барарын эскерткен.

Рейтердин жазганы боюнча, 86 жашагы Хаменеини үй-бүлөсү менен Ислам революциясынын сакчылар корпусунун атайын бөлүгү кайтарып жатат. Анын кайда жашырынганы купуя сыр катары сакталууда.

Жогорку лидер эки жыл мурда өзү дайындаган үч мүчөдөн турган комитет акыркы күндөрдө улам бир жыйынга чогулуп, вазийпасынын үстүнөн иштеп жатат. Аттарын атабаган булактардын маалыматында, Хаменеи күн сайын “сезимтал маселелер талкууланган” жыйындардан кабар алып келет.

Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу аракетине тоскоолдук кылуу максатында деген негизде сокку ура баштаган Израил Ислам жумуриятынын жогорку руханий лидерин жок кыларын эскерткен.

Анын үстүнө 23-июнда АКШ президенти Ирандын учурдагы бийлигин кулатууну кризисти чечүү жолу катары көрөрүн кыйытты.

Мындан улам башкаруудагы истемблишмент ар кандай сценарийге даяр туруп, өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана азыркы багытынан тайбастыгын көргөзүү үчүн Хаменеинин мураскерин дароо атоону максат кылат.

Ирандын жогорку лидери ислам революциясына берилген диниятчы болушу керек, ошол эле маалда ички козголоңго жеткирбей, сырткы сынга туруштук бериш үчүн байистүү адам да каралууда.

Рейтер менен сүйлөшкөн беш булак талкуулардын жүрүшүндө эки фаворит аныкталганын айтышат: 56 жашагы Можтаб Хаменеи жана Ислам жумуриятынын түптөөчүсү маркум аятолла Рухолла Хомейнинин небереси Хасан Хомейни.

Саясий жана социалдык чектөөлөрдү жумшартууну жактаган реформачылардын канаты менен жакын байланыштагы Хомейни ошол эле маалда тектүү жерден чыкканы үчүн клериктердин улуу мууну жана Сакчылар корпусунун өкүлдөрү арасында аброй күткөнүн эксперттер белгилешет.

"Хаменеи Хасан Хомейнини өзүнүн ордуна дайындап же аны сүрөөнгө алса, акылдуу кадам болмок. Себеби азыркы революциялык системаны Ислам жумуриятынын негиздөөчүсү аятолла Хомейни түптөгөн, анын небереси абдан популярдуу. Ал ошондой эле байистүү жана прагматик адамдай көрүнөт. Легитимдүүлүк жагынан да, саясатты ырааттуу улантуу, институционалдык эс-тутум жагынан да Хасан Хомейни аятолла Хаменеи үчүн эң туура тандоо болмок", - деп айтат Эл аралык кризис тобунун Иран боюнча долбоорунун директору Али Ваез.

Хомейниден айырмаланып, Можтаб Хаменеи ички оппозицияны куугунтуктоо жана мамлекеттин сырткы душмандарына келгенде атасынын катаал саясатын карманат.

Бирок, булактар белгилегендей, азырынча эч нерсе чечиле элек. Акыркы сөз учурдагы жогорку лидерге таандык болмокчу.

Рейтер Хаменеи жана эксперттер ассамблеясы комментарий бере электигин белгиледи.

Ал эми New York Times басылмасы өз булактарына таянып, Хаменеи өзү үч талапкерди тандаганын 22-июнда жазган. Бирок арасында аятолланын уулу аталган эмес.

"Аятолла Хаменеи Израил же Кошмо Штаттар аны жок кылууга аракеттенерин жакшы билет. Андай ажал ал үчүн шейит кетүү болуп саналат. Ошондой ыктымалдыкты эске алуу менен аятолла жогорку лидерди дайындоого жооп берген Эксперттер ассамблеясына ал өзү сунуш кылган үч кишинин ичинен мураскерин тандоого тапшырма берүүнү чечти", - деп жазды басылма ирандык аткаминерлерге шилтеме берип.

Булактардын дагы бири кошумчалагандай, "адатта жогорку лидерди тандоо жараяны бир нече айга созулат. Бирок өлкө согуш абалында экенин эске алганда аятолла өз мурасын сактап калуу менен бийликтин ылдам жана ырааттуу түрдө өткөрүлүшүн камсыздоону көздөйт".

Жон Хопкинс университетинин профессору Вали Наср “Негизги артыкчылык мамлекетти сактап калууга берилет. Бул прагматикалык жана бардыгын алдын ала эсептеп чыгуу аракети”, - деп белгилейт.

Хаменеи кимге артыкчылык берерин ачык билдирген эмес.

Али Ваез жогорку лидер болуп эч ким күтпөгөн адам болуп калышы мүмкүн деген сценарийди жокко чыгарбайт:

"Себеби, реалдуу бийликти көшөгө артынан, Можтаб Хаменеи таасирдүү негизги фигура болгон азыркы жогорку лидердин кеңсесинен жүргүзүү концепциясы болсо, анда эч ким укпаган талапкер дайындалышы ыктымал. Ал номиналдуу адамга айланып, аятолла Хаменеи 30 жылдан бери бийликти кармап келаткан башкаруу инструменттери ага берилбейт".

Аятолла Али Хаменеи 1939-жылы Ирандын экинчи ири шаары - Мешхедде туулган. Диний билим алгандан кийин саясатка аралаша баштап, шахка каршы иш-аракеттерге катышкан. 1960-жылдары бозгунда жүрүп, шах кулатыган 1979-жылдан кийин саясий сахнада пайда болгон.

Ал аятолла Хомейниге жакын адам болгондуктан, бийлик тепкичинен тез көтөрүлө баштаган. 1981-жылы атаандашсыз шайлоодо президент болуп шайланган.

Хомейни көз жумгандан кийин 1989-жылы анын ордун баскан.

Анын башкаруусу ички оппозицияны, экономикалык каатчылыкка, саясий репрессияларга нааразы болгон элдик толкундоолорду күч менен басуу, адам укуктарын басмырлоо менен коштолуп келатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG