Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:11

Иран Катардагы америкалык базаны көздөй ракеталарын учурду


Катардагы америкалык базага жакын аймакта учуп бараткан ракеталар, 23-июнь 2025-жыл.
Катардагы америкалык базага жакын аймакта учуп бараткан ракеталар, 23-июнь 2025-жыл.

Дүйшөмбүнүн кечинде Иран Катардагы америкалык аскердик базаны көздөй ракеталарын учурду. Ирандын мамлекеттик медиасы “Аль-Удейд” аба базасына сокку урулганын жарыялап, аны “Американын агрессиясына кубаттуу жана ийгиликтүү жооп” деп мүнөздөдү.

“Ассошиейтед пресс” жаңылыктар агенттиги жазгандай, бул чабуул Катар аба мейкиндигин жапкандан көп өтпөй орун алды. Расмий Доха чабуулдан жабыркагандар жок экенин, Катардын абадан коргонуу системалары Ирандын ракеталарын атып түшүргөнүн кабарлады.

Ирандын медиасы АКШнын Ирактагы аскердик базасына да сокку урулганын билдиргени менен азырынча бул тууралуу кошумча маалыматтар жарыялана элек.

АКШнын бийлиги да Катар менен Ирактагы аскердик базаларын бутага алган чабуулдар тууралуу комментарий бере элек.

Кошмо Штаттар 22-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк объекттерине абадан сокку урган. Президент Дональд Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” билдирген. Иран Пентагондун чабуулу үчүн өч алаарын жарыялаган.

Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, сокку урганда тутанган.

Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG