Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Кыргызстан

Иран-Израил чатагынын Борбор Азияга таасири
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:33 0:00

АКШнын Ирандагы өзөктүк жайларга соккусу Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды күчөттү. Ал Борбор Азиянын экономикасына кандай таасири этет? Кыргызстан Орусия менен бирге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү көздөөдө.

Кыргызстан Орусия менен бирге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда биринчи вице-премьер Данияр Амангелдиев айтып чыкты.

Маалыматка караганда, бул жаатта орусиялык “Евразия” деп аталган өкмөттүк уюм иш алып барууда. Аталган уюмга Молдовада 15 жылга соттолгон, кийин орус жарандыгын алган Илан Шордун тиешеси бар экени айтылып, кыргыз бийлиги муну четке какты. Кыргызстандын Орусия менен бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү демилгеси коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратууда.

Бирдиктүү билим берүү мейкиндиги деген эмне?

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзөрүн алгач орус басылмалары жазып чыкты.

Бул демилгени талкуулаган Петербург экономикалык саммитинин алкагындагы жыйынга Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри Данияр Амангелдиев, билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, Орусия тараптан агартуу министри Сергей Кравцов жана Мамлекеттик Думанын депутаты, “Евразия” кеңешинин төрайымы Алена Аршинова катышкан.

Ошол жерден кыргыз делегациясын жетектеп барган Данияр Амангелдиев мындай деген:

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

“Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү боюнча биргелешкен мамлекеттер аралык жумушчу тобун жана биргелешкен иш үчүн тиешелүү аянтчаны түзүүнү сунуштады. Владимир Владимирович биздин президентибиздин демилгесин колдоду. Мен “Евразия” бейөкмөт уюму маселенин үстүндө иштеп жатканын билем. Мындан кийинки биргелешкен кадамдарыбызды аныктайлы”.

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги аталган демилгенин алкагында Кыргызстанда орус тили боюнча сөз болгонун, ага тиешелүү китептер келиши мүмкүн экенин айтып жатат.

Бирок Орусиядан келген окуу куралдары Кыргызстандын билим берүү стандарттарына туура келиши керек деген талап коюлганын да кошумчалашты.

Билим берүү министрлигинин медиа борборунун жетекчиси Кубат Чекиров мындай маалымат берди:

Кубат Чекиров
Кубат Чекиров

“Жакшы ой менен жасалган билдирүү. Биргелешкен билим берүү мейкиндиги билим берүү стандарттарын, программаларын жалпылаштыруу деген сөз. Мугалимдерди биргелешип окутуу, тажрыйба алмашуу, студенттерди бири-бирине жиберүү деген сөз. Дипломдордун өз ара таанылышы жөнүндөгү маселе. Азырынча ниет, билдирүү гана болуп жатат. Эми жумушчу топ түзүлүп, кийин жолугушууларды өткөрөт. Анан ар бир өлкө өз кызыкчылыгына төп келген позициядан сүйлөйт да”.

Билим берүү министрлигинин учкай, жалпылаган маалыматынан башка кыргыз-орус бирдиктүү билим берүү мейкиндиги боюнча толук, эң башкысы так маалымат жок.

Ошол эле учурда кыргыз бийлиги соңку бир жылда билим берүү жаатында реформалар жүрүп, мектеп программасында өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонорун айтып келет. Атап айтсак, 12 жылдык окуу системасына өтүп, Cингапурдун Cavendish системасына негизделген окуу китептерин колдонуу сыяктуу иштер жарыяланган.

Ушундан улам соңку билдирүүлөр эксперттер арасында талкууларга жол ачты. Мисалы, билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жооданбек Орусия ушундай жол менен Кыргызстандагы таасирин мындан да күчөткүсү келет деп эсептейт.

Асылбек Жооданбеков.
Асылбек Жооданбеков.

“Орусия эл аралык изоляцияда калган өлкө. Ушундай абалда мурдагы совет өлкөлөрүн өзүнүн кучагынан чыгаргысы келбейт. Дайыма таасирин көргөзгүсү келет. Эл аралык алкакта ордун сактап калуу аракети да. Аларда Кыргызстанды өнүктүрүү, билим берүү тармагын күчтөнтүү деген максат жок. Алар таасирин гана күчөткүсү келет. Негизи Орусия Кыргызстан өрнөк ала турчу мамлекет эмес. Биз дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн иновацияларды кабыл алышыбыз керек".

Орусиядагы форумдун алкагындагы жолугушууда агартуу министри Догдургүл Кендирбаеванын сунушу менен Герцен атындагы орус мамлекеттик педагогикалык окуу жайы кыргызстандык студенттерге квота бөлүүгө макул болду. Мындан тышкары “Евразия” уюмунун каржылоосунда кыргызстандык 100 мугалимди бул окуу жайга тажрыйба алмашууга жөнөтүү макулдашылды.

Былтыр сентябрда Кыргызстанга Орусиядан 200 ыктыярчы мугалим келип, Бишкектеги мугалим жетишпеген мектептерде иштей турганы кабарланган.

"Евразия" уюму жана ага тиешелүү делген Илан Шор

Кыргызстан менен Орусия үчүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин принциптерин иштеп чыга турган жумушчу топту “Евразия” уюму түзө турганы айтылып жатат.

Аталган уюм буга чейин да Кыргызстандын билим берүү тармагына аралашып, 2024-жылы мектептерге жүздөй автобус алып берген. Азыркы тапта Бишкектеги жаңы салынып жаткан стадиондун жанына “Евразия” деп аталган парк дагы курууда.

Орус олигархы түптөгөнү айтылган "Евразия" уюму курдуруп жаткан парк.
Орус олигархы түптөгөнү айтылган "Евразия" уюму курдуруп жаткан парк.

Орусиянын Russia Today медиасынын башкы редактору Маргарита Симоньян “Евразия” фондун түзгөнү үчүн Илан Шорго ыраазычылык билдирген.

Илан Шор Молдовада 15 жылга соттолгон, кийин орус жарандыгын алган олигарх катары таанымал.

Анын ысымы банк иштериндеги акча адалдоо жана коррупциялык иштерде айтылып жүрөт. 2014-жылы Молдованын үч банкынан жоголгон 1 млрд доллар каражат уурдоо схемасынын катышуучусу катары белгилүү.

Молдовадагы кылмыш иштеринен улам 2019-жылы Израилге барган. Былтыр орус жарандыгын алып, Орусияга көчүп келген.

Бирок бул маалымат жарыяланары менен кыргыз бийлигине жакын адамдар бул иштеги Шордун катышын четке кагышууда.

Маселен, мамлекеттик “Кабар” агенттигинин директору Медербек Шерметалиев бул маалымат чындыкка дал келбей турганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Илан Шор — Молдова Республикасынын жараны, ал жакта ири коррупциялык иштерге тиешеси бар деп айыпталып, сот тарабынан 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал эл аралык издөөдө, учурда Молдова менен башка өлкөлөрдүн ортосунда бул маселеге байланыштуу укуктук процесс жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик органдары — Билим берүү жана илим министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, же башка тиешелүү мекемелер — Илан Шор менен эч кандай расмий кызматташтыкты жүргүзбөгөнүн айтсак болот. Анын атын пайдалануу менен жасалган ар кандай жарыялар — маалыматтык манипуляция болуп эсептелет”, - деди Шерметалиев.

Анткен менен билим берүү жаатындагы долбоорлорго артынан сөз ээрчиген күмөндүү адамдын аралашканы коомчулукта талкуу жаратты.

Саясат талдоочу Эмил Жороев кыргыз-орус билим берүү мейкиндиги боюнча мындай деген пикири менен бөлүштү:

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

“Бул демилгени чындап президент өзү көтөрүп, түртүп жатат дегенге такыр ишенбейм. Мындай "оригиналдуу" ойлордон башка толтура иши бар. Аны тегеректеп алган бирөөңөр эле бир барак кагазды алдына салып койдуңар да. Орусия менен Кыргызстан "бирге иштешебиз" дегенде, кайсы тараптын стандарты кайсы тарапка таңууланары айтпаса да белгилүү. Дүйнөдө эң артта калып бараткан стандарт. Ал ишти таанымал эл аралык коррупционер, шылуун менен биргелешип алып баруу ого бетер уят. Ушундай улутка, биздин өнүгүүгө каршы келген аракеттерди токтоткулачы".

Азырынча “Евразия” фонду Кыргызстан менен Орусиянын бирдиктүү билим берүү мейкиндиги боюнча үн ката элек. “Азаттык” алардын басма сөз катчысы менен байланышып, бирок жооп ала алган жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG