HRW президент Жапаровду ЖМК мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды

Human Rights Watch эл аралык уюму.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Жогорку Кеңеш кабыл алган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп, Акыйкатчы институтунун курамына киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануусун билдирди.

HRW сайтына чыккан маалыматта медиага тиешелүү документ бийликке ЖМКны каттоодон баш тартуу, алардын ишине тоскоолдук кылып, соттун чечими жок эле жаап коюуга шарт түзө турганы айтылган.

Ал эми иш жүзүндө Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп жатканын, парламент өлкөдө адам укуктарынын корголушуна кедергесин тийгизе турган мыйзам долбоорун кабыл алып койгону белгиленди. Буга байланыштуу HRW президент Садыр Жапаровду эки документке тең вето коюп, кайра Жогорку Кеңешке кайтарууга чакырды.

Парламент 25-июндагы жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик медианын өкүлдөрү, эркин журналисттер, юристтер кирген жумуш топ иштеп чыккан документке бир топ өзгөртүүлөр, анын ичинде өлкөдөгү бардык медиалар милдеттүү түрдө катталууга тийиш деген норма киргизилди. Буга нааразы болгон медиа коомчулук, юристтер Садыр Жапаровго кайрылган.

Жогорку Кеңеш 25-июнда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп, Акыйкатчы институтунун курамына киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун да колдогон.

Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон. Бул борбор соңку жылдары жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктап келген. (BTo)

Дагы караңыз

АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейси Москвадагы миссиясын аяктадыКыргыз-Орус Славян университетине жаңы ректор шайланды. Камкорчулар кеңешин Ташиев жетектейтТрамп Кытай менен соода келишимине кол коюлганын жарыялады Элчи Орусиядагы кыргыз жарандарын документтерин тууралап алууга чакырдыНурбек Сатаров президенттин Нарындагы өкүлү болуп дайындалдыКыргызстандын 11 жараны Израилден эвакуация болду Президент бюджеттен бөлүнгөн акчага жасалып жаткан иштерди комиссия текшерерин айтты