Элчи Орусиядагы кыргыз жарандарын документтерин тууралап алууга чакырды

Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусиядагы кыргызстандык жарандарга кайрылып, мыйзамсыз жүргөн мигранттарды 10-сентябрга чейин документтерин тууралап алууга чакырды. Ал бул мөөнөт акыркы мүмкүнчүлүк экенин жана андан ары узартылбай турганын эскертти.

Ага ылайык, Орусияда миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калгандар, аймактык миграция бөлүмдөрүнө кайрылып, 10-сентябрга укуктук абалын мыйзамдаштырып алышы керек.

“Эмгек келишимин түзүү – негизги талап. Ошол эмгек келишиминин негизинде миграциялык картанын мөөнөтү узартылат. “Сентябрга чейин убакыт бар” деп кайдыгерлик кылбай, азыртадан убакытты текке кетирбей, берилген мөөнөттүн ичинде мыйзамдашып, реестрден чыгып алыңыздар. Жакын калганда миграция бөлүмдөрүндө кезек көп болуп, үлгүрбөй калышыңыз мүмкүн”, - деди элчи.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. Мындан соң Орусиянын бийлиги миграциялык мыйзамдарын катаалдаткан.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу.

Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келетНурбек Сатаров президенттин Нарындагы өкүлү болуп дайындалдыКыргызстандын 11 жараны Израилден эвакуация болду Президент бюджеттен бөлүнгөн акчага жасалып жаткан иштерди комиссия текшерерин айттыКөлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого шек саналып төрт адам кармалдыӨзбекстан менен Монголиянын ортосунда түз аба каттамы ачылатКиев менен Москва согуш туткундарынын кезектеги тобун алмаштыПентагон АКШнын Ирандагы соккулары “ийгиликтүү” болгонун билдирди