Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Өзбекстан менен Монголиянын ортосунда түз аба каттамы ачылат


Өзбек-монгол президенттери.
Өзбек-монгол президенттери.

Өзбекстан менен Монголия жыл соңуна чейин Ташкент менен Улан-Батордун ортосунда түз аба каттамын ачууну макулдашты. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Монголиядагы алгачкы мамлекеттик сапарында белгилүү болду.

24-25-июндагы мамлекеттик сапардын алкагында Мирзиёев монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки президент Монголия менен Өзбекстандын ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүүнү, кен иштетүү, айыл-чарба жана жеңил өнөр жай тармагында кызматташтыкты күчөтүүнү макулдашты. Эки тарап тең Мирзиёевдин сапарын тарыхый деп сыпатташты.

“Бул – Өзбекстандын президентинин сиздин жаркын өлкөңүзгө болгон тарыхтагы биринчи сапары. Мунун өзү Өзбекстан менен Монголиянын ортосундагы көп тармактуу алаканы бекемдөөгө болгон өз ара умтулуунун көрсөткүчү”, - деди Мирзиёев.

Өзбекстан менен Монголиянын ортосунда дипломатиялык алака 1992-жылы түзүлгөнү менен эки өлкөнүн саясий жана экономикалык кызматташтыгы чектелүү бойдон кала берген. Өзбек басылмалары соңку жылдары эки өлкөнүн ортосунда бир катар жаңы долбоорлор ишке ашканын жазып келишет.

Расмий маалыматка ылайык, 2019-2024-жылдар аралыгында Өзбекстан менен Монголиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү он эсе жогорулаган. Былтыр Өзбекстанда куралган автоунаалар Монголияда сатыла баштаган. 2024-жылдын январынан тарта Өзбекстан Монголиядан кой импорттоого өткөн. Монголиядан келген койлор адал этти экспорттоо максаттында колдонулары кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG