Хаменеи Иран Израил менен жаңжалда “жеңишке” жеткенин айтты

Хаменеинин 26-июндагы кайрылуусу.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өз өлкөсү Израил менен соңку жаңжалда “жеңишке” жеткенин жарыялады. Бул Хаменеинин АКШнын арачылыгы менен жетишилген ок атышпоо келишими эки күн мурда күчүнө киргенден берки биринчи кайрылуусу болуп калды.

86 жаштагы аятолла Иран менен Израилдин ортосундагы 12 күндүк согуш маалында эл алдына чыккан эмес. Ал болгону жаңжал учурунда эки видео кайрылуу жасаган. 19-июндагы кайрылуунун сапаты начар болгондуктан көпчүлүк ал видео бункерде тартылган деп жоромолдогон.

Хаменеи жаңы кайрылуусунда соңку жаңжалдын жыйынтыгын “жалган сионисттик режимди үстүнөн жетишилген жеңиш” деп мүнөздөп, “Израил Ислам жумуриятынын соккуларынан дээрлик аксап, талкаланды” деп айтты.

Ал Кошмо Штаттардын Ирандын өзөктүк жайларын бутага алган чабуулдары тууралуу сөз кылып, “америкалыктар маанилүү эч нерсе кыла алган жок” деп белгиледи жана АКШ келтирилген зыяндын көлөмүн “көбүртүп-жабыртып” жатканын кошумчалады.

АКШнын расмий жетекчилери 22-июндагы операцияда Ирандын өзөктүк жайларына олуттуу зыян келгенин билдирип келишет. Президент Дональд Трамп АКШнын бомбалоолорунун кесепетин сүрөттөө үчүн “жер менен жексен болду деген термин туура келерин” айткан.

Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, АКШнын чалгын кызматтарынын баштапкы тыянактары Ирандын үч өзөктүк жайына келтирилген зыяндын масштабы тууралуу күмөн суроолорду жаратканы менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) аталган жайларда“абдан орчундуу” кыйроолор болгонун маалымдаган.

Хаменеинин билдирүүсүнө Израил жооп бере элек. Бирок буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху соңку жаңжалда өз өлкөсү “тарыхый жеңишке” жеткенин жарыялаган.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан сокку урган. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. Ирандын бийлиги Израилдин соккуларынан 600дөн ашуун адам каза болгонун билдирүүдө. Тегерандын аба чабуулдары 20дан ашуун израилдиктин өмүрүн алды.

Дагы караңыз

УКМК Ноокат райондук сотунун судьясына иш козголгонун билдирдиГазадагы соңку чабуулдарда ондогон кишинин өмүрү кыйылдыОрусияда Украинаны колдогон казак жараны 12 жылга соттолдуСпикер “Жогорку Кеңеш алсыз” деген сындарды четке кактыЕвропа кеңешинде Украинадагы согушка байланыштуу атайын трибунал түзүлөт