Днепрдеги соккунун курмандыктары 20га жетти

Днепр. 24-июнь, 2025-жыл

Украинанын Днепр шаарында Орусиянын соккусунун курмандыктары көбөйүп жатат. Чабуулда каза тапкандар 20га жетти.

Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак 26-июнда эртең менен Самар шаарында дагы эки киши каза болгонун билдирди.

Кечээ ал 24-июндагы соккулар Днепрде 19 кишинин өмүрүн алып, 300дөн ашууну жараат алганын айткан.

Днепрде чабуулдан кийин көп сандаган турак жайлар талкаланган, Одесса-Запорожье багытындагы поезд да соккуга туш болгон. Киев Москваны карапайым тургундарды, жарандык жайларды бутага алганы үчүн айыптап келет.

Орусия тарап чабуулдар тууралуу комментарий берген эмес.

Дагы караңыз

Мамыркулованын сотуна эксперт келбей, отурум дагы жылдыТокмоктун мурдагы мэри баш болгон төрт адам эки айга камалдыИрандын өзөктүк жайларын бомбалоонун кесепети талаш жаратты