Кыргызстан-Малайзия алакасы боюнча документтерге кол коюлду

Садыр Жапаров жана Анвар Ибрагим.

25-июнда президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк багытында кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Андан тышкары туризм, жогорку билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында жана дипломаттарды даярдоо жаатында, ошондой эле экономикалык багыттагы бир катар документтерге кол коюлду. Садыр Жапаровдун Малайзияга расмий сапары 24-июнда башталган.

2024-жылы Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапары менен келип кеткен.

Эки мамлекеттин дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. 1997-жылы Кыргызстан бул өлкөдө элчилигин ачкан. Бишкек Азияда тез өнүгүп жаткан бул мамлекет соода-экономикалык байланышты күчөтүүнү көздөйт. (BTo)

Дагы караңыз

Президенттин Нарындагы өкүлү Токмок шаарына мэр болуп дайындалдыПарламент ЖМК мыйзам долбоорун дароо эки окууда колдоду Кыйноолорду алдын алуу борборун Омбудсмен институтуна кошуу мыйзамы кабыл алынды ТИМде АКШ элчиси менен санкциялык маселелер боюнча сүйлөшүлдүКамчыбек Ташиев президент Нарын шаарына 807 млн сом бөлгөнүн айттыЫсык-Көлдө жол кырсыгынан төрт адам мүрт кетти