Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:50

Кыйноолорду алдын алуу борборун Омбудсмен институтуна кошуу мыйзамы кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп, аны Акыйкатчынын курамына киргизүү мыйзамын кабыл алды.

Мыйзамга жыйынга катышкан 60тан ашуун депутат макул болуп, алты депутат каршы чыкты. Жыйын жүрүшүндө айрым депутаттар бул мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алууда Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборду жоюу нормасы каралбаганын, парламенттин жалпы жыйынына келгенде бул эреже кирип калганына нааразы болушту.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюу туура эмес болорун, Акыйкатчы институту менен эки башка милдетти аткарарын билдирди. Бирок мыйзамдын демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиев мындай чечим депутаттардын сунушу, өкмөттүн макулдугу менен кабыл алынганын түшүндүрдү. Жыйынтыкта депутаттар улуттук борборду Акыйкатчы институтунун курамына киргизүүгө макул болушту.

Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон. Бул борбор соңку жылдары жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктап келген.


Шерине

XS
SM
MD
LG