Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:38

АКШ кыргыз жарандарынын виза боюнча арызынын 39% четке какты


АКШ визасы.
АКШ визасы.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган былтыркы жылдын отчетунда 2024-жылы Кыргызстандын жарандары берген B-1/B-2 виза боюнча арыздардын 39,14 пайызы четке кагылганы жазылган.

B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу бизнес-сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаны алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек.

Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге карата виза алууну чектеген көрсөткүч мындан жогору. Мисалы, Өзбекстан — 64,41%, Түркмөнстан — 58,8%, Казакстан — 46,29%, Тажикстан — 45,24%.

АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирген.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги АКШдан бул боюнча расмий билдирүү ала электигин белгилеп, бул тизме кантип түзүлгөнү Кыргызстан үчүн “түшүнүксүз болуп жатканын” билдирген. Мекеме маселени АКШ элчилигинин консулун чакырып талкуулаган.

18-июнда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен да бул маселелерди сүйлөшкөн. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG