25-июнга оогон түнү Орусия Украинанын Запорожье жана Харьков облустарына "Шахед" дрондору менен сокку урду. Бул туууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады.
Запорожье облусуна абадан төрт сокку урулуп, анын кесепетинен төрт адам жаракат алганын облустун аскердик администрация башчысы Иван Федоров билдирди. Маалыматка караганда, алардын биринин абалы оор. Облустун бутага алынган аймагында бир нече турак жай жана автоунааларды өрт чалганы маалымдалды.
Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов билдиргендей, шаарга жети “Шахед” дрону менен сокку урулуп, бир адам жарадар болуп, ооруканага жаткырылды. Киев районунда жайгашкан жарандык ишкана жана турак жай жабыркады.
Харьков облусунун Купянск шаарында облус башчысы Олег Синегубовдун айтымында, беш адам жаракат алды. Көп кабаттуу турак үйгө зыян келтирилгени кабарланды.
Орусиянын бир күн мурунку Днепр шаарына жасалган чабуулунан каза болгондордун саны 18ге жетти.
25-июнь - каза болгондордун эскерүү күнү деп жарыяланды.
Днепропетров облусунун башчысы Сергей Лысактын айтымында, 24-июндагы чабуулдан 300гө жакын адам жабыркады.
Шейшемби эртең менен Орусия Украинанын Днепр шаарына баллистикалык ракеталар менен сокку урган. Маалыматка караганда Одесса–Запорожье багыты боюнча жүргүнчү ташыган поезд да чабуулга туш болгон.
Орусия бул чабуулдар тууралуу азырынча расмий билдирүү тарата элек.
БУУнун маалыматына караганда, Орусия басып киргенден бери Украинада 13 миңден ашуун карапайым кишинин өмүрү кыйылды. Алардын көбү орус аскерлеринин ракета жана дрон чабуулдарынан каза тапкан. Өлкөнүн расмий өкүлдөрү жайкын украиндер арасындагы жоготуулар мындан көп деп айтышат. (AiA)
Шерине