Украинанын президенти Владимир Зеленский Гаага шаарында өтүп жаткан НАТОнун саммитине катышууда. Расмий делегация менен барган Зеленский саммиттин алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Украин президентинин кеңсесине таянып, France Presse агенттиги жакынкы сааттарда Зеленский менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу күтүлүп жатканын жазды. Расмий түрдө бул жолугушуунун өтөрү тастыктала элек.
Буга чейин Канадада өткөн “Чоң жети” саммитинин алдында Трамп менен Зеленский жолугушары айтылган. Бирок Трамп ал саммиттен эрте кеткендиктен кездешүү болгон эмес.
Sky News телеканалына берген маегинде Зеленский: “Трамп менен жолугушууну көздөп жатам, бирок кандай болорун айта албайм. Команда иштеп жатат”, — деп билдирген.
Эки лидердин жолугушуусунда Украина үчүн АКШдан курал-жарак, анын ичинде абадан коргонуу системаларын сатып алуу маселеси талкууланышы мүмкүн. Трамптын админстрациясы Украинага курал-жаракты бекер берүү маселесин караган жок, бирок сатуу мүмкүнчүлүгүн да четке каккан эмес.
Бул сапарында Зеленский НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте жана Нидерланддын премьер-министри Дик Схофф менен жолукту.
26-апрелде Зеленский менен Трамп Ватиканда Рим папасы Францисктин тажыясынын алдында жолуккан.
Эки президенттин февралда Вашингтондо өткөн жолугушуусу кайым айтыш менен коштолгон. (AiA)
Шерине