Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Асел Сатарова 10 баланын энеси. 39 жаштагы баатыр эненин үйдө түйшүгү түмөн. Күйөөсү утурумдук жумуштар менен үй-бүлөсүнүн кем-карчын жабуунун аракетинде. Быйылкы кымбатчылык алардын турмуш-тиричилигин бир топ оорлотуп жибергенин айтышты.