Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айылы Казакстан жана Кытай менен чек арада жайгашкан. Бул айыл өзгөчө аймак макамына ээ жана стратегиялык жактан маанилүү деп эсептелгени менен тургундарынын жашоосу бийликтин көңүл сыртында калгандай.