Жалал-Абадда бир нече адам тамак-аштан ууланып бейтапканага жаткырылса, оор абалдагы 14 жаштагы кыз каза тапты. Жабырлануучулардын көпчүлүгүн жаш балдар түзөт. Адистер кыш мезгилинде консерваланган азыктардан уулангандар көбөйүп, ботулизм дарты күчөгөнүн айтышат.