"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Акыркы он жылда чет жакта эмгек мигранты болуп жүргөн кыргыз жарандары мекенине 19 миллиард доллардан ашык каражат жөнөттү.
Кыргыз бийлиги өлкө сыртында жашап, иштеп жүргөн мекендештер менен байланышты жандантып, мамлекетти өнүктүрүүнү көздөйт. Бул маселе Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешинин алгачкы жыйынынын өзөгүн түздү. Өкмөт өкүлдөрү жана чет мамлекеттерден келген кыргызстандыктар катышкан
Азимжан Аскаров менен Аида Салянованын саламаттыгы начарлап кеткенин тарапташтары айтып чыгышты.
Кыргызстан-АКШ өкмөттөр аралык кызматташтыгы боюнча жаңы келишимге байланышкан иштер ортолоп калды.
Жүргүнчү менен англисче сүйлөшкөн кондуктор катары элге таанылган Шохрух Илхомжон уулу дүйнө кезүүгө камынып жүрөт.
Министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсов коррупцияга шек саналып, эки айга камалды.
Кыргыз саясатчыларынын көбү соцтармактагы баракчаларын верификациядан өткөрө элек.
Коомдук канал мурдагы президенттин аялынын аты аралашкан журналисттик иликтөө жарыялады.
2010-жылдагы июнь окуялары журналисттерди эки эсе түйшүккө салган. Алар чырдын кесепети жөнүндө күн сайын сүйлөп, эл аралап жүргөн.
2010-жылдагы жүздөгөн кишинин көз жашын төккөн июнь коогалаңынан бери тогуз жыл өттү.
Кыргызстандыктар 5-июнда Орозо айтты белгиледи. Ислам дининдеги маанилүү күндөрдүн бири саналган бул майрам үч күнгө созулат.
Туйгуналы Абдраимовдун журналистке кылган мамилеси социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады.
Кыргызстандыктар арасында айт майрамын белгилөөгө байланыштуу ача пикир жаралды.
Шамил Атахановдун камалышына жана Батукаевдин ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов ой бөлүштү.
Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын жаш артисти Илхом Ахмаддын таланты көптөрдү тамшандырып, өзү чыгарган жана аткарган ырлары Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжандагы ышкыбоздорго жакшы таанымал.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний окуу жайлардын баарында, анын арасында медреселерде да дүйнөбий илимдерди милдеттүү окутуу талабы коюлган жобонун долбоорун иштеп чыкты.
Тель-Авивде өткөн эл аралык Eurovision-2019 ыр таймашында Нидерланддардан катышкан Дункан Лоуренс жеңүүчү болду.
Оштогу белгилүү адвокат Мухайё Абдураупова коомду аялдардын көйгөйүнө көбүрөөк көңүл бурууга чакырууда. Ал үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыгы болгон кыз-келиндер улам көбөйүп жатканын, эркектердин жоопкерчилигине маани берилбей келатканын сындады.
Актриса жана ырчы, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Самида Холматова соңку жылдары диний амалдарды аткарып, ислам таануучулук менен да алектенип жүрөт. Чыгармачылыкты таштаган жок. Ошто Бабур атындагы өзбек драма театрындагы алдыңкы актрисаны кыргыз коомчулугуна тааныштырып коюуну туура көрдүк.
Ош шаарындагы Футбол академиясы кыздар командасын түптөп машыктыра баштады Футболго кызыккан 400гө чамалуу уландын арасында ондон ашуун өспүрүм кыз бар. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) колдоосу менен курулган Футбол академиясында бүт заманбап шарттар түзүлгөн.
Дагы жүктөңүз