"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" жана "Кең-Булуң" өткөрмө бекеттеринде узун кезек пайда болду. Айдоочулар күндүн аптабында үч суткага чейин кезек күтүүгө аргасыз.
Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылында жашоо жандана баштады. Шахтерлор жердеген кыштактын эли алыскы Европа өлкөлөрүнөн туристтерди чакырып, жаштары англис тилин өздөштүрүүдө.
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдөгү лифт маселеси Туңгуч кичи районунда адам өлүмү менен аяктаган окуядан кийин күн тартибине кайрадан чыкты. Пенсионер лифтте калып, каза болуп калган үйдүн тургундары соңку беш жылдан бери жакшы иштебеген лифт көйгөйүн айтып, кайрылбаган жери калбаганын айтууда.
Ысык-Көлдүн Теплоключенка айылында пластикти кайра иштеткен завод ишке кирди. Аталган завод саатына 100 киллограмм желим баштыкты кайра иштетип чыгат. Буга чейин Ысык-Көлдүн таштандыга, анын ичинде желим баштыкка толуп жатканы көйгөй катары көтөрүлүп келген.
Чүйдө согуштун ардагерине автоунаа жана Ленинград блокадачысына үй берилди. Биздин каармандар урушта бир туугандарынан, ата-энесинен ажырап, далай оор күндөрдү баштан кечирген. Ардагерлер дүйнөдө болуп жаткан соңку окуяларга кейип, согуш кайталанбасын деп тилешет.
Кеминдеги Чымкоргон айылынын тургундары ичүүчү суу маселеси чечилбей жатканына нааразы. Алар мындай талап менен 3-майда айылда жыйынга чогулду. Элеттиктер жергиликтүү бийликтин буга чейин убадасы аткарылбай, ал үчүн бөлүнгөн каражат кайда жумшалганы белгисиз экенин айтууда.
Орусиянын абактарында отурган кыргыз жарандарынын жакындары Бишкекте акцияга чыкты. Алар Украинадагы согушка мажбурлоо көбөйгөндүктөн эркинен ажыратылгандарды өз мекенине экстрадициялоону тездетүүнү суранды. Кыргызстандын миңден ашуун жараны орус абактарында жатат.
Кыргызстандын өкмөт өкүлдөрү сүткө байланыштуу чектөөлөрдү сүйлөшүү үчүн Москвага барды
Дагы жүктөңүз