"Messy Moment Media" компаниясынын директору, 25 жылдан бери жаратылышка байланыштуу даректүү тасмаларды дүйнөнүн булуң-бурчунан тарткан, "Эмми" сыйлыгынын сегиз жолку жеңүүчүсү Эндрю Ткач Кыргызстанга келип, Нарындагы Борбор Азия университетинде лекция окуду.
Талант Рыспаев Германиядагы Саксония-Анхальт университетинин жана Клаусталь техникалык университетинин профессор болуп эмгектенет.
Кыргызстанда жугуштуу сарык оорусуна чалдыгып, боору жарабай калган өнөкөт оорулуулар 2008-2018-жылы расмий маалыматтар боюнча 250 миңдин тегереги деп белгиленген. Өлкөдө гепатиттин А, В, С түрү улам жайылууда. Кыргызстанда гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө жүргүзүлөт. Бул түрүнө эмдөө алган кишиге Д
Бир үйдүн жалгыз уулу Жакып Касымакунов быйыл 7-февралда жыйырмага толгон. Ал туулган күнүнөн үч күн өтпөй, боор алмаштыруу операциясын күтүп жатып Индияда каза болду. Жакыптын ата-энеси Тоң районунун Коңур-Өлөң айылында турат.
Кыргызстанда жугуштуу сарык оорусуна чалдыгып, боору жарабай калган өнөкөт оорулуулар 2008-2018-жылы расмий маалыматтар боюнча 250 миңдин тегереги деп белгиленген. Өлкөдө гепатиттин А, В, С түрү улам жайылууда.
Стамбулда киши колдуу болгон уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны уланды. Бул ирет Бажы кызматынын төрагасы, прокуратура өкүлдөрү маалымат беришти.
Казакстандын Кордай районундагы 8-февралга оогон түнү болгон башаламандыктан каза тапкандардын саны 10 адамга жетти. Эки адам ооруканада каза тапканы кабарланды. "Азаттык" радиосунун кабарчысы Кыргызстанга өтө качкандардын айрымдары менен сүйлөштү.
7-8-февралда Ысык-Ата районунун бир нече айылына Казакстандан 4000дей адам келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Чолпонкул Чоткараев билдирди.
Токмок шаарына бир айдын ичинде эле 3 миң киши каттоого турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Бул апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу партиялардын добуш алуу аракети экени айтылууда.
Быйыл Ленинград шаары курчоодон бошотулганына 77 жыл өттү. Тарыхта курчоодо калган шаарды бошотууга кыргызстандыктар да салым кошуп, эвакуацияланган невалыктарга жардам көрсөткөнү белгилүү. Шаардын боштондукка чыккан күнү Кыргызстанда да эскерилип, мамлекеттик деңгээлде бир нече иш-чара өтөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүн сындап, прокуратура менен сот жемкорлорду калкалап жатканын айтты.
Кыргызстандын Малайзиядагы жаңы элчиси Азимбек Бекназаров журналисттерге элчилик кызматка президенттин сунушу менен баратканын билдирип, балдарынын мамлекеттик кызматка орношуу себептерин ачыктады. Мындай билдирүүну саясатчы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун сынынан кийин
Жогорку Кеңештин жана Президенттик аппараттын имаратынын алдында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасын чечүү талабы менен митинг өттү.
Сооронбай Жээнбековдун президент катары экинчи басма сөз жыйыны үч саатка созулду. Бул жолу өлкө башчынын басма сөз кызматы жыйындын форматын өзгөрткөн.
19 жаштагы жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов Кыргызстандын мыкты футболчусу аталды. Бул наам үчүн Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин жана жарым коргоочу Эдгард Бернхард ат салышкан. Футболчуга сыйлык Бишкекте өткөн салтанатта тапшырылды.
Райымбек Матраимовдордун доо арызын караган сот сүрөт жана видео тартууга уруксат берген жок.
Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова «Азаттык» жана анын кабарчыбы Али Токтакуновдун, «Kloop.kg», 24.kg сайттарынын банк эсептерин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын арызын канааттандырды.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өттү. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылышты.
Жакында жүргүзүлгөн иликтөө Кыргызстанда өлкөдөгү ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болорун көргөзгөн.
Жогорку Кеңеш өкмөттүн аткезчиликке каршы ишин жетишсиз, ал эми уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн канааттандырарлык деп тапты.
Дагы жүктөңүз