Иран-Израил: Ок атышуу токтоду, маалымат согушу уланууда
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Президент Дональд Трамп эмки жумада АКШ менен Иран сүйлөшүү өткөрөрүн билдиргени менен Ислам жумуриятынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегерандын андай планы жоктугун айтты. Расмий Вашингтон Ирандын негизги өзөктүк объектилери АКШнын бомбалоосунан талкаланганына ишендирип келатат. Ал арада Израил жана Иран жетекчилери ар бири согушту жеңгенине ынандырып, элин куттуктап жатышат.