Ысык-Көлдө жол кырсыгынан төрт адам мүрт кетти

Кырсык болгон жер.

24-июнда Балыкчы-Ананьево-Каракол автоунаа жолунда болгон жол кырсыгынан төрт адам мүрт кетти. Кырсык Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда катталган.

Алдын ала маалыматка ылайык, “Тойота-Авалон” үлгүсүндөгү машине күн чыгыштан күн батышты карай баратып карама-каршы тилкеде келе жаткан “Мерседес-Бенц-Спринтер” автоунаасын сүзгөн.

Социалдык тармактарда тараган видеолордо “Тойота-Авалон” автоунаасы жолдон чыгып кеткенин, адамдар каза болгондордун сөөгүн алып кетип жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстанда 2025-жылдын январь-март айларында 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы 2000ден көп киши ар кандай жаракат алды. (BTo)

Дагы караңыз

ТИМде АКШ элчиси менен санкциялык маселелер боюнча сүйлөшүлдүУКМК Токмоктун мэри жана эки жетекчи камалганын ырастады Днепр: Орусиянын соккусунан кеминде он жети киши өлдү, 70ке жакыны жараат алдыИран бир күндө соккулардан 107 киши каза тапканын кабарлады