ТИМде АКШ элчиси менен санкциялык маселелер боюнча сүйлөшүлдү

Лесли Вигери жана Медер Абакиров.

24-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушту.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана консулдук-укуктук чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну талкуулап, санкциялык маселелер боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин билдиришкенин Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси кабарлады.

Буга чейин АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.

14-июнда тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга мамлекеттик катчы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылган. Анда бул өлкөлөргө Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилери жазылган.

Тышкы иштер министрлиги АКШдан бул боюнча расмий билдирүү ала электигин белгилеп, бул тизме кантип түзүлгөнү Кыргызстан үчүн “түшүнүксүз болуп жатканын” билдирген. Мекеме маселени АКШ элчилигинин консулун чакырып талкуулаган.

18-июнда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен да бул маселелерди сүйлөшкөн. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Токмоктун мэри жана эки жетекчи камалганын ырастады Днепр: Орусиянын соккусунан кеминде он жети киши өлдү, 70ке жакыны жараат алдыТрамп Иран-Израил келишими күчүндө экенин билдирдиМилиция Кара-Суу базарындагы окуяны териштире баштадыИран келишимден кийин Израилге ракета атпаганын билдирди