Ирандын куралдуу күчтөрү Израилге сокку урулду деген маалыматтарды четке какты. Жаңжалдашкан тараптар аткылашууну токтотууга макул болгонун шейшембиге караган түнү АКШнын президенти Дональд Трамп жар салган. Мурунку күнү Иран Вашингтондун чабуулуна жооп иретинде америкалыктардын Катардагы аскердик базасына сокку урган. 24-июнда Трамп эки тарапты тең ок атышпоо макулдашуусун бузганы үчүн сындады.
Иран-Израил: Ок атууну токтотуу режими күчүнө кирди
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Израилдин бийлиги Иран менен ок атышууну токтотуу режими күчүнө киргенин ырастады. Бирок көп узабай Ислам жумурияты макулдашууну бузуп, ракета атканы үчүн Иран бийлигинин Тегерандагы буталарына каршы операцияны улантуу буйругу берилгенин Израилдин коргоо министри Исраэл Кац билдирди.