Иран келишимден кийин Израилге ракета атпаганын билдирди

Ирандын желеги.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Израилдин айыптоолоруна жооп берип, Иран ок атышууну токтотуу келишими башталгандан кийин Израилге чабуул койду деген маалыматты төгүндөдү.

Ирандын Улуттук коопсуздук кеңеши ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргени тууралуу билдирүү жасап, анда Иран өзүнө жасалган "агрессияга" катуу жооп берүүгө даяр экени айтылат.

Ирандын куралдуу күчтөрү да Израилге ракета атылганы тууралуу билдирүүлөр жалган экенин билдирди.

Мунун алдында Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Иран ок атышууну токтотуу келишимин бузганын билдирип, армияга соккуларды улантуу буйругун бергенин айткан. Кац өз билдирүүсүндө Иранды келишимди бузуп, Израилге ракета менен чабуул койду деп айыптаган.

Тараптардын билдирүүсүнө чейин Иран-Израил жаңжалында ок атуу толук токтоп, эки тарап тынчтыкка келишкенин АКШ президенти Дональд Трамп жазган болчу.

Ирандын мамлекеттик телеканалы 24-июндун таңында Израил менен аскердик жаңжалда ок атышууну токтотуу режими башталганын билдирген. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык тармактагы баракчасына Ирандын армиясынын аскердик операциялары жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрттө токтотулганын билдирген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да тараптар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканын айткан. (AiA)

Дагы караңыз

“Крокус Сити Холлдогу” чабуулга байланыштуу тергөө аяктадыИзраил Ирандагы аскердик жайларга сокку урдуОшто кайненесин өлтүрүп, аялын сабоого шектүү эки айга камалды