Ош шаарында 33 үй-бүлө көчөдө калуу коркунучунда турат. 28-январда алар
Ош облустук сотунун алдына митингге чыгышты. Шаар тургундары жеке ишкер Нуркул
Шырдаков менен соттошуп жатат. Ишкер тургундардын жерин 1998-жылы сатып
алганын айтып, алардан үйдү бошотууну талап кылып келүүдө.