Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Түз ободо Украина: Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:05 25.6.2025

Украинанын Днепр шаарында Аза күтүү күнү жарыяланды. Мындай буйрукка шаар мэри Борис Филатов кол койду. Такталган маалыматтарга ылайык, 24-июнда шаарга орусиялык армия урган соккудан 17 адам каза таап, 279у жарадар болгон. Учурда жүздөй киши ооруканада жатат. Жабыр тарткандардын 27и балдар, алардын эң кеңжеси алты айлык.

14:37 24.6.2025

Сумы облусуна чабуул

Түн ортосунда Сумы облусунун айрым калктуу конуштарына сокку урулганын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Алдын ала маалыматта чабуулдан улам үч өмүр кыйылды, арасында бала бар. Алтоо жарадар болду.


15:59 23.6.2025

Дүйшөмбүгө караган түнү Орусиянын Киев шаарына жасаган аба чабуулунун кесепетинен кеминде алты адам каза болуп, 25и жараат алды. Бул тууралуу шаар бийлиги жана Украинанын Башкы прокуратурасынын кеңсеси билдирди.

Чабуулдун кесепетинен Шевченко районунда жайгашкан беш кабаттуу турак үйдүн бир подъезди кыйрап калды. Жанындагы үйдүн терезелери сынып, жакын жерде токтоп турган автоунаалар күйүп кетти.

Мындан тышкары, Святошин, Соломен, Голосеев жана Дарница райондорундагы көп кабаттуу жана жеке турак үйлөр, кеңсе имараттары, коомдук тамактануучу жайлар жана автоунаалар жабыркады.

Киев облусунда чабуулдун кесепетинен жайкын тургун каза болуп, дагы сегиз адам жараат алганын Украинадагы Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат маалымдады.

Борисполь районундагы чабуулдан эки жеке турак үйдө өрт чыккан. Белоцерковь районунда жеке жана көп кабаттуу үйлөр жана Буча районунда төрт жеке үй, үч унаа жабыркаган.

Херсон облусунда да жайкын тургун каза болгону кабарланды.

12:30 23.6.2025

Орусиялык аскерлер өткөн түнү Киевге жаңы ракеталык сокку урду. Шаар бийликтеринин айтымында, бери дегенде алты киши каза таап, 19у жарадар болуп, анын сегизи ооруканага жаткырылды.

Киевдин алты району аткылоого кабылды. Турак жайлар, соода борборлору, метро, станциялар жана башка объекттер талкаланды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG